Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от оку-
1. чтение;
окуу китеби книга для чтения;
2. учение;
өзүнчө окуу самообразование;
окуу жайы учебное заведение;
окуу бөлүмү учебная часть;
жалпыга милдеттүү окуу всеобщее обязательное обучение;
окуу-тарбия иштери учебно-воспитательная работа;
окуу түшүп калды отпечатались буквы (напр. при наложении штампа);
мөөрүнүн окуусун түшүрө бас ты поставь печать так, чтобы было ясно;
Ормон окуу то же, что Ормон опуза (см. опуз III) показная храбрость, застращивание для вида.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Билим алуу, билимге ээ болуу процессинин жана билим берүүгө байланыштуу иштердин жалпы аталышы. Оройлук белги болушта, Окуунун кени оруста (Токтогул). Анда олтургандар элеттен шаарга окууга бараткан жаштар болсо керек эле (Сыдыкбеков). Мылтык менен окуугу карылык жок (макал).
2. Теориялык жоболордун жыйындысы; кандайдыр бир окумуштуунун, ойчулдун ж.б. негизги жоболорунун, көз караштарынын ж.б. жыйындысы, системасы. Материалисттик окуу. Лениндин окуусу.
ОКУУ II оку этишинин кыймыл атоочу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билим алуу, билимге ээ болуу процессинин жана билим берүүгө байланыштуу иштердин жалпы аталышы. Оройлук белги болушта, Окуунун кени оруста (Токтогул). Анда олтургандар элеттен шаарга окууга бараткан жаштар болсо керек эле (Сыдыкбеков). Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы (макал). 2. Теориялык жоболордун жыйындысы; кандайдыр бир окумуштуунун, ойчулдун ж. б. негизги жоболорунун, көз караштарынын ж. б. жыйындысы, системасы. Материалисттик окуу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Мектепте окуган бала. Биринчи класстын окуучусу. Жогорку класстардын окуучулары.
2. Китеп, газеталарды окуй турган адам. Мындайча окуу менен китеп окуучулардын конференциясына катыша албайбыз (Таштемиров). Эрикпей, өткөн сырды айта берсек, Ойлоймун окуучуга болор эрмек (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мектепте окуган бала. Биринчи класстын окуучусу. Жогорку класстардын окуучулары. 2. Китеп, газеталарды окуй турган адам. Мындайча окуу менен китеп окуучулардын конференциясына катыша албайбыз (Таштемиров). Эрикпей, өткөн сырды айта берсек, Ойлоймун окуучуга болор эрмек (Турусбеков).