Киргизско-русский словарь Юдахина
ар. этн.
обряд бракосочетания (мусульманский);
нике кый- сочетаться браком;
нике кош- или нике байла- жениться;
Бүбүканга нике байлады он женился на Бюбюкан;
нике кыюу или нике байлоо или нике байлаш совершение обряда бракосочетания;
чапма нике пренебр. бракосочетание, совершённое кое-как, на скорую руку ("самокрутка");
нике кыйдыр- или нике окут- заставить совершить обряд бракосочетания, поженить;
Бегайым менен Каныбектин никесин окуткан он поженил Бегаим и Каныбека;
никеси бузула турган жери жок никакой беды в этом нет; от этого ничего плохого не случится;
никенин суусу этн. вода при бракосочетании (которую мулла в заключение бракосочетания, хлебнув сам, даёт молодым, свидетелям и всем присутствующим).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
НИКЕ – жубайлардын ортосунда мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелерди пайда кылуучу, тараптардын эркин жана толук макулдугу менен, мыйзамда каралган тартипте, үйбүлө түзүү максатында түзүлгөн аял менен эркектин ортосундагы тең укуктуу бирлик. Н. жарандык абалдарды катоо органдарында түзүлөт. 1994-жылдан тартып айрым өлкөлөрдө (Швеция, Дания, Норвегия) бир жыныстагы жуптардын биргелешип жашоолорун каттоонун атайын жолжобосу киргизилген. Андай Н. тараптар үчүн биркатар укуктук натыйжаларды пайда кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
НИКЕ КЕЛИШИМИникеге туруучу адамдардын же жубайлардын алардын никедеги жана/же аны бузуу учурундагы укук жана милдеттенмелерин аныктаган келишим. Никелешүүнү каттоого чейин түзүлгөн Н. к. ошол күндөн баштап күчүнө кирет. Н. к. нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жубайлар Н. к. менен мыйзамда белгиленген биргелешкен менчик тартибин (жубайлардын мүлктөрүнүн мыйзамдуу тартибин) өзгөртүүгө, жубайлардын бүткүл мүлкүнүн же анын айрым бөлүгүнүн же жубайлардын арбиринин мүлкүнүн биргелешкен, үлүштүк же бөлүштүрүлгөн тартибин (жубайлардын мүлкүнүн келишимдик тартибин) аныктоого акылуу. Жубайлар Н. к. өздөрүнүн бири-бирин кароодогу укук жана милдеттерин, бири-биринин кирешелерине катышуу ыктарын, үйбүлөлүк чыгымдарды жасоонун тартибин, нике бузулганда ж. б. жубайлардын ар бирине тийүүчү мүлктөрдүн санын аныктай алышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
НИКЕ КУРАГЫ – мыйзам тарабынан никелешүүгө улуксат берилген курак. КРде жалпы эрежеге ылайык 18 жаш. Ошентсе да, жүйөлүү себептери болсо жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары никелешүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча аны 2 жылдан ашык эмес убакытка төмөндөтө алат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
этн.
сочетать браком (мусульманским);
ак никелеп өзүмө, катын алып бербедиң фольк. ты не дал мне жену, с которой сочетал меня браком;
ак никелеп алган жары его законная подруга.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
НИКЕНИ БУЗУУ (АЖЫРАШУУ) – көздөрү тирүү кезде жубайлардын ажырашуулары. Жубайлардын биринин же экөөнүн тең арыздары боюнча сот аркылуу, ал эми эрезеге жете элек балдары болбогон жубайлардын экөө тең макул болсо – никени каттоо органдарында ишке ашырылат.