Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болжолдуу мезгилден мурда, өз убагына жете электе. Аттиң ай, Алымкулдун атасынын мезгилсиз кеткени жигиттин белин майыштырып турбайбы (Абдукаримов). Дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. 2. Шарт жок кезде беймаал убакта. Мезгилсиз келип калыптырмын ээ? Алыс эмес короодон мезгилсиз кыйкырган короздун үнү чыгат (Жантөшев).