Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК ИНФРАТҮЗҮМ (маалыматташтыруу инфратүзүмү) – мамлекеттин маалымдоо тармагынын иштөөсүн камсыз кылуучу маалымат базаларынын жана банктарынын, байланыш тармактарынын, маалымат борборлорунун жана башка маалымат таратуу түзүмдөрүнүн жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК РЕСУРСТАРДЫН, МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН, МААЛЫМАТТЫК ТУТУМДАРДЫН МЕНЧИК ЭЭСИ – ушул объекттерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна ээ болгон субъект.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Информационный терминал (Information terminal) —Аппаратно-программный комплекс (устройство), предназначенный для просмотра состояния счёта и текущих платежей, получения выписок по счетам в пределах своей компетенции, получения из банка электронных копий документов по зачислению средств на счета клиентов.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК-УКУК ТУТУМУ – ЭЭМге коюлуучу укуктук маалыматтардын автоматташтырылган банкы. Ал атайын программалардын жардамы менен аргандай издөө (документтин аталышы, кабыл алынган убактысы, ченемдик актынын түрү боюнча актыларды издөө) иш-милдеттерди аткарууга жөндөмдүү. Азыркы М. у. т. жеке программалык кабыкчадан жана ага туташтырылган түрдүү маалымат топтомдорунан турат (м.: укук тармактары боюнча). М. у. т-нда камтылган маалыматтар ырасмий мүнөзгө ээ болбойт. Аны маалымдама максатында гана колдонууга болот.