Киргизско-русский словарь Юдахина
оползень, обвал; снежный обвал; лавина;
кар басырыла элек, көчкү коркунучу бар снег ещё не улежался, есть опасность обвала;
көчкүдө калды он остался под обвалом, его задавило обвалом;
өзү аман калып, кырк баатырын көчкү алып кетти сам он невредимым остался, сорок его богатырей задавило обвалом;
малын көчкүгө алдырды его скот погиб под обвалом (он довёл до того).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоонун тик капталдарынан тоотек, кар массаларынын оордук күчүнүн натыйжасында ылдый карай кулап же көчүп түшүшү: Жер көчкү. Кар көчкү. Тоо көчкү. Кээде көчкү жүрүп, кар басып калабы деп да коркчубуз («Ала-Тоо»). Айлана бүт өзгөрдү, Көчкү алгандай дүңгүрөп («Кожожаш»).