КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган кылмыш. Алдынала тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан шек саналган адамдарды, айыпталуучуну, күбөнү көрсөтмө берүүгө мажбурлоо же эксперттерди коркутуп-үркүтүү ж. б. мыйзамсыз аракеттер аркылуу корутунду чыгарууга мажбурлоо.