КӨРБӨГӨНДҮ КӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)к. КӨРБӨГӨНҮ КӨР БОЛУУ
Анысынан да жазгы, күзгү жаанда моминтип темселешип, көрбөгөндү көрүшөт (Эралиев). Жетимчиликтин айынан көрбөгөндү көрдүм, - деп, бала улутунуп койду («Ала-Тоо»).
КӨРБӨГӨНДҮ КӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. к. Көрбөгөнү көр болуу. 2. Жан жыргаткан жыргалчылыктын үстүндө болуу, жыргап-куунап доорон сүрүү. Курдашым Манас барында көрбөгөндү көргөмүн, Абыкенин тушунда Ар жорукка көнгөмүн («Манас»).
КӨРБӨГӨНДҮ КӨРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. к. көрбөгөнү көр болуу. 2. Жан жыргаткан жыргалчылыктын үстүндө болуу, жыргап-куунап доорон сүрүү. Курдашым Манас барында, көрбөгөндү көргөмүн, Абыкенин тушунда Ар жорукка көнгөмүн («Манас»).
КӨРБӨГӨН КҮНҮН КӨР КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)к. КӨРБӨГӨНҮ КӨР БОЛУУ
Ошондой бир жолкуда Эдигейдин көрбөгөн күнүн көр кылды го бу оңбогон Каранар (Айтматов).
КӨРБӨГӨНҮ КӨР БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев).
КӨРБӨГӨНҮ КӨР БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев). В.: Көрбөгөндү көрүү. Хан агамдын куну үчүн, Көрбөгөндү көрсөм бейм («Семетей»). Анысынан да жазгы, күзгү жаанда моминтип темселешип, көрбөгөндү көрүшөт (Эралиев). Жетимчиликтин айынан көрбөгөндү көрдүм, – деп, бала улутунуп койду («Ала-Тоо»). Көрбөгөн күнүн көр кылуу. Ошондой бир жолкуда Эдигейдин көрбөгөн күнүн көр кылды го бу оңбогон Каранар (Айтматов).