КӨЗӨГҮЧТӨР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 зоол. Ылгабай азыктануучу коңуздар түркүмчөгүндөгү жыгач кемиргич коңуздар уруусуна кирген жандыктар. Көзөгүчтөрдүн дене узундугу 2–6 мм, түктүү жумуру, түсү саргыч, айрымдары кара күрөң болот. Алардын 1700дөй түрү кеңири тараган.