Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫ БҮТҮМ – жарандык укукта тараптардын бирине өтө оңтойсуз болуу менен, анын укугун чектей турган жана өз эркин билдирүүнү жокко чыга-руучу жагдайга жараша таңууланган бүтүм. КР жарандык мыйзамдарына ылайык башка тарап өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана ала тургандай өзүнө өтө оңтойсуз шартта кыйла оор жагдайга байланыштуу жасалган бүтүмдөр (К. б.) жабырлануучунун доо-арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ШЕРИКТЕШТИГИ (КМШ) – мамлекеттер аралык бирикме, 1991-жылы 8-декабрда Минскиде СССРдин 3 республикасынын – РСФСР, Белоруссия жана Украинанын өкүлдөрү кол койгон Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашууларынын негизинде түзүлгөн. Макулдашуу 1991-жылы 12-декабрда РСФСР Жогорку Советинин токтому менен ратификацияланган. КМШнын 1993-жылы 22-январда Минскиде кабыл алынган Уставы 1993-жылы 12-апрелде РФ Жогорку Совети тарабынан ратификацияланган. Аталган Макулдашууга жана КМШ Уставына ылайык, Шериктештиктин максаты элдер менен мамлекеттердин саясат, экономика, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илим, соода жагындагы, кайрымдуулук жана башка чөйрөлөрдөгү тең укуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү, кеңири маалыматтык алмашууга көмөк көрсөтүү, өзара милдеттенмелерди акниет жана так сактоо болуп саналат. КМШга СССРдин мурдагы 12 республикасы – РФ, Украина, Өзбекстан, Азербайжан Республикасы, Грузия Республикасы, Тажикстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Молдова Республикасы, Түркмөнстан кирет. КМШ органдарынын ырасмий жайгашкан орду – Минск. Шериктештиктин Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, КМШтин Аткаруучу секретариаты, Мамлекеттер аралык экономикалык комитет, КМШтин Экономикалык соту, КМШке катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы КМШтин негизги институттары (консультативдик жана координациялоочу органдары) болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫСЫЗ РЕЕСТР КАРМООЧУ – аты жазылган баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу, баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫ ЧАРБАЧЫЛЫК КООМУ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, 20 пайыздан ашык добуш берүүчү акциясын башка катыш коом сатып алган юридикалык жак. Акыркысы көзкарандысыз коомдун акциясынын тийешелүү бөлүгүн сатып алгандыгы тууралуу маалыматты дароо жарыялоого милдеттүү. АКнын айрым түрлөрү үчүн башка чарбачылык шериктештиктер менен коомдордон сатылып алынуучу акциялардын (үлүштүн) санына чек коюлат.