көздөй Толковый словарь кыргызского языка (1969) II жанд. Карай, белгилүү бир багытты карата. Шаарды көздөй бет алган үч-төрт машинага өңчөй мектеп окуучулары түшүп алышкан («Жаш ленинчи»)
көздөй Толковый словарь кыргызского языка (1969) I сын. Жакын, ишенимдүү, кыйышпас, өз. Көздөй киши. Көздөй куда. Көздөй адам. Көздөй кайни.
КӨЗДӨЙ І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жакын, ишенимдүү, бирден-бир, кыйышпас, өз. Көздөй адам. Көздөй киши. Булар биздин көздөй досторубуз (Жантөшев).
КӨЗДӨЙ ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Белгилүү бир багытты карай. Данияр жай гана арабасын көздөй басып кетти (Айтматов). Шакир да үйүн көздөй басты (Абдыраманов). Апама айтып баабедин кылып сен үчүн, Жөнөдүм анан айлыңды көздөй чамынып (Өмүров).