Киргизско-русский словарь Юдахина
1. дневной; подённый;
күндүк кызмат подённая работа;
күндүк кызмат кылып, күнүмдүк тамагын таап турган работая подённо, он добывал себе дневное пропитание;
бир күндүк однодневный;
алты күндүк шестидневный; шестидневка;
он күндүк десятидневный; десятидневка;
эки күндүк жол двухдневный путь;
беш күндүк өмүр пятидневная жизнь (обычный эпитет жизни человека, указывающий на её краткость);
дүнүйөгө беш күндүк конок болуп келген адам человек, который появился на свет пятидневным гостем;
2. повседневный, обычный;
күндүк жумуш или күндүк иш повседневная работа; обычное дело;
күндүк айкын жолбашчылык повседневное конкретное руководство;
күндүк муң повседневные житейские заботы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Бир күнгө таандык; бир күн чегиндеги убакыт, өлчөм. Күндүк норма экиден Артып кетет ар күнү (Аалы). Күндүк жерге угулат, Гудоктун үнү заңкылдап (Осмонкул). Күмүш канат күндүк эле жол кылды Москва менен Фрунзенин арасын (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштөө, акы төлөө чеги, өлчөмү бир күнгө эсептелген, бир күндүн эсеби менен болуучу күндүк акы. Күндүк чен. 2. Бир күндүн ичинде өндүрүлүүчү, бир күн чегиндеги убакытка эсептелген. Күндүк май иштеп чыгаруу мерчеми бир центнер,– деди Ийгилик (Убукеев).