Киргизско-русский словарь Юдахина
(или күндүзү, күндүзүн, күндүзүндө)
днём;
жаман ит күндүз үрөт погов. плохая собака лает днём;
күндүз кымыз, түндө кыз - жыргалдары күч болду фольк. днём кумыс, ночью девушки - удовольствий (у богатырей) было уйма;
түн ичинде уйку албай, күндүзүндө тынч албай фольк. ночью сна не получая, днём покоя не получая;
күндүздөрү иштейт южн. днём он работает;
күндүзүн жана түнкүсүн днём и ночью;
күпө-күндүз средь бела дня.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Эртеден кечке чейинки сутканын бөлүгү, түндүн карама-каршысы. Күндүз кечке Анархан менен Дарыяхан жол тосуп, түндөсү Чоко жол тосот (Жантөшев). Чүйдүн күндүзү ысык, түнү салкын (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таң аткандан күн батканга чейинки убакыт, күндүн жарыгы кете элек мезгил. Чүйдүн күндүзү ысык, түнү салкын (Абдумомунов). Кыялданып түш көрүп үкү байкуш, Бадалдарда олтурат күндүз уктап (Токомбаев).