Киргизско-русский словарь Юдахина
интерес; забавность; забава;
иштин кызыкчылыгы талап кылат интересы дела требуют;
коомдук кызыкчылыктар общественные интересы;
окуткан студенттеринин жекече кызыкчылыгы менен түк эсептешпейт он совсем не считается с личными интересами студентов, которых обучает.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов).
2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөн терс каармандардын кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакшы көргөндүк, ысыктык. Тууган балаңдан тутунган балаңдын кызыкчылыгы кайта артык болот (Баялинов). 2. Бирөөнүн пайдасын же белгилүү бир пайданы көздөгөн максат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатамын (Сасыкбаев). Эмгектен качып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн кылыктары балдардын кыжырын кайнатты («Ала-Тоо»).