1. Үй тиричиликте байыртан келе жаткан элдик кесип, улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, чеберчилигинин натыйжасы. Кыргызда кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө оймочулук, саймачылык, зергерчилик (шакек, сөйкө, билерик), жыгаччылык (эмерек, идиш-аяк, токум ж. б.), темирчилик, өрмөчүлүк, бычмачылык, теричилик ж. б. кирет. 2. Кол эмгегине негизделген майда өндүрүш. Кыргызстанда кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн.