кишичилик Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Кишичилик, адамгерчилик. Колуңда малың турганда кишиликти унуттуң (Осмонкул). 2. Кишиге таандык нерсенин өлчөмүн, көлөмүн билгизүү үчүн колдонулат. Беш кишилик аш. Үйдүн сол жаккы капталында эки кишилик чоң кровать (Жантөшев). 3. Ээрдин үстү, киши отуруучу (көчүк коюучу ) жайы.
кишичилик Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Адамгерчилик, кишиликтүүлүк, адептүүлүк, кичи пейилдик. Лайлыкан кара торунун сулуусу, акыл, эси келишкен, кишичилиги артык кыз (Жантөшев).
КИШИЧИЛИК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 кишилик менен бирдей. Лайлыкан кара торунун эң сулуусу, өңүнө жараша акыл-эси келишкен, кишичилиги артык кыз (Жантөшев).
КИШИЧИЛИКТҮҮ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 кишиликтүү менен бирдей. Бүбүш өзбү, жатпы – баарына бирдей караган, келим-кетимге түшүнгөн кишичиликтүү неме (Таштемиров).