Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Китеп. журнал, газеталарды жыйноочу, сактоочу, аларды окуган адамдарга берип туруу жана окутуу ишин жайылтуучу атайын мекеме, библиотека. Республиканын китепканаларынан жарым миллионго жакын адам китеп алып окуйт («Коммунист»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИТЕПКАНА – маалыматтык, маданий жана билим берүүчү, уюмдаштырылган фонду бар, нускаланган документтерди жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берип туруучу мекеме. Китепкана өз алдынча мекеме болушу же уюмдун тармактык бөлүмчөсү болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИТЕПКАНА ИШИ – милдетине китепканалардын тармагын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фондуларын калыптандыруу жана талдоого алуу, алардын керектөөчүлөрүн китепканалык, маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык жактан камсыздоочу, китепканалардын илимий жана усулдук жактан өнүгүүсүн камсыз кылуучу ишмердиктин маалымат, маданий-агартуучу жана билим берүүчү тармагы.