этиш. Чарчагандыктан, кыйналгандыктан көз кош кабаттанып, ары киргенсип көрүнүү. [Сабхаттын баласынын].. чарчагандыгы киртийген көзүнөн байкалып турат (Сасыкбаев).
Чарчагандыктан, кыйналгандыктан көз кош кабаттанып, ары киргенсип көрүнүү. Коңшусунун сабыры суз, көзү киртийип калган экен (Убукеев). Көздөрү киртийип, эриндери кеберсип жыгылчудай араң эле турат (Байтемиров).