киркире Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Кирилдөө, кир-кир этүү. — Мен фактыны айттым! — деп Марк Соломонович.. киркиреди (Сасыкбаев). Үйдүн ичинен киркиреген үн чыкты (Касымбеков).
КИРКИРЕ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Дем алганда, сүйлөгөндө көкүрөгү кир-кир этүү, кирилдөө. Чал кубанып, киркиреген үнү менен бирдемелерди айткан болот (Байтемиров).
киркирек Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Кирилдек, кир-кир эткен. Ошондо да колхоздун башкармасы ушул азыркы киркирек Садык болучу (Байтемиров).
КИРКИРЕК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Киркиреген, кир-кир эткен. Барган келинибиз баш аттап, кайра качып кетиптир! – деди киркирек үндүү адам («Ала-Тоо»). Ошондо да колхоздун башкармасы ушул азыркы киркирек Садык болучу (Байтемиров).