Киргизско-русский словарь Юдахина
кечил I
1. калмыцкий монах;
кечил өт- прожить жизнь холостяком;
2. (в эпосе) калмык, калмыки;
кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай фольк. ватнокушачный, широкосапогий калмыцкий хан Конгурбай.
кечил- II
возвр.-страд. от кеч- II;
суу кечилди река была пройдена вброд;
кечилбес милдет неотложная задача;
кечилбес күнөө непростительный грех, тяжкое (букв. непростительное) преступление;
кечилбейт не будет прощено.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЧИЛ — ламаизм дининдеги элдердин атайын касам ичкен дин кызматкери. К. жөнүндө эпосто:
Сары-Суунун боюнда
Оркойгон күрөө көрүнөт.
Ал күрөөгө барганда
Кызыл сакал топусу,
Ал кытайдын сопусу
Ошол күрөөдө болот кечили (Саякбай Каралаев, 2. 19),
— деп сүрөттөлөт.
К. болгон адам дүйнөдөн безүү, үй-жай, мүлкүн кечүү, дүйнөдөн так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарган: «Катын алып жүрбөгөн Кытайлардын кечил деген молдосу» (Саякбай Каралаев, 2. 101). К. көбүнчө кытай маанисинде да колдонулат: «Кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 129). К-дер өздөрүнчө социалдык диний топту түзгөн, ал кечилдик деп аталган. К-дин алгач Индияда биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта пайда болуп, кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия, Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөрдө өнүккөн, к. Күрөө.
Ы. Кадыров

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үйлөнбөй, дүйнөдөн так өткөн адам. Кечил өтүү. Жолдоштору кечилдеп, шылдыңдап жүрүшөт (Ашубаев). 2. Эпостук чыгармаларда «калмак» деген түшүнүктү билдирет. Кечилдин каны Коңурбай («Манас»). Кечилден отуз келсин – деп («Манас» С. О.).