Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСКИЛИК – коомчулуктун коопсуздугуна каршы КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш. Ал төмөндөгүлөрдөн турат: а) жарандарга же уюмдарга колсалуу максатында туруктуу уюшулган куралдуу топту (банданы (кескитопту) түзүү, андай топко (кескитопко) жетекчилик кылуу; б) куралдуу топко (кескитопко) катышуу, демек, банданын колсалууларына катышуу. Бир дагы жолу колсалуу жасабагандыгына карабастан, куралдуу кескитопту уюштуруунун өзү эле аякталган кылмыш болуп таанылат. Кескитопко катышуу – ошондой эле аякталган кылмыш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыска, шар, чечкиндүү. Тоозак эчтекеден кайра тартпайт, аракети да, сөзү да өтө кескин (Абдукаримов). Досунун кескин жообун укканда, башын чулгуп алып, бирок эмне дээрин билбей тунжурай түштү («Ала-Тоо»).