Кеме айдоочу, кайыкчы, кеме айдап, дарыянын бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө элди, транспортторду өткөрүп туруучу адам. Балыкчы шаары азыркы күндө темир жолчулардын, кемечилердин, өндүрүшчүлөрдүн гүлдөгөн шаары болуп калды (Убукеев). Дарыянын боюнда жолоочуларды ташып өткөрүп тура турган Харко деген кемечи болгон экен (Бөкөнбаев).