Киргизско-русский словарь Юдахина
каттоо I
и. д. от катта- I
опись, перепись; регистрация;
эл каттоо перепись населения;
жалпы эл каттоо всенародная перепись;
делегаттарды каттоо регистрация делегатов;
кайра каттоо перерегистрация;
мал-мүлкүн каттоо наложение ареста на чьё-л. имущество.
каттоо II
и. д. от катта- II
наслаивание, наложение слоями, пластами.
каттоо III
и. д. от катта- III;
"каттоосу бизден Кашкарга жакын болду" деп уктук фольк. мы слышали, что путь (букв. сношение) от нас в Кашгар стал близким.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТТОО – шайкештикти баалоонун таризи, ал аркылуу продукциянын, өндүрүш жүрүмдөрүнүн (усулдарынын), сактоонун, ташуунун, сатып өткөрүүнүн, пайдалануунун жана тийешелүү тизмекке ылайык таштандыларды иштетүүнүн мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТТОО АЙМАГЫ – чектери мамлекеттик каттоочу орган тарабынан аныкталуучу, жергиликтүү каттоочу органдын административдик жоопкерчилигиндеги жана юрисдикциясындагы аймак. К. а-нын чегарасы административдик райондун чегарасы менен дал келүүсү сөзсүз эмес. Ал административдик райондун бир бөлүгүнөн, же болбосо 1, 2 же андан көп административдик райондордон турушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТТООГО ТУРУУ – ички иштер органдарынын жарандарды жашаган жерлери боюнча эсепке алуу тутумунун аталышы. Туруктуу же убактылуу жашаган жери көрсөтүлүү менен, паспортко же анны алмаштыруучу документке К. т. энбаскысынын коюу менен коштолот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТТОО МАМЛЕКЕТИ – ырасмий реестрине (каттоосуна) аба, деңиз жана өзөн суу кемелери, космостук объекттер киргизилген мамлекет. Каттоонун натыйжасында алар улутка таандык болуп калышат. К. м. алардын үстүнөн өз юрисдикциясын жүргүзөт (кара:Мамлекеттин юрисдикциясы). М.: КР мыйзамы боюнча КР жарандык аба кемелери КР жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТТООЧУ – маалыматтарды калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине чогултууга жана киргизүүгө ыйгарым укуктуу жана КР жарандарынын жеке маалыматтарынын борбордук банкынын иштөөсү үчүн жооптуу мамлекеттик орган.