карыпчы, карыпчын
(в эпосе) боевые нарукавники (на плечевую часть руки);
карыпчысы, кыягы - каармандай сыягы фольк. у него нарукавники и кольчуга, по виду он герой.
КАРЫПЧЫ — эпосто аскердик кийимдин бир бөлүгү. «Жоого кийүү жарагын, Баарын кийди карагын, Карыпчы менен кыягы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 58). Согушта жоокердин колун билегинен ийнине чейин сырткы соккудан сактап калуучу атайын жасалга. Ал кийиз менен кайыштан шырылып тигилип, сырт жагына жазы темирден калканч кадалып, кайып бүчүлөр менен колдун сыртына байланат.
карыпчын менен бирдей. Калмактардын кан Жолой, Карыпчысын кийсин де («Манас»). Карыпчысын калдайтып, Каны кошо келиптир («Манас» С. К.).
карыпчылык, карыпчы лыгы, карыпчылыкка
карыптык менен бирдей. Өмүрдө карыпчылыктан кайгылуу нерсе жок (Элебаев).
Чыканактан жогору кийиле турган жоокердик темир жең кап. Карыпчын соот, жарагын, Калканын кошо кийүүчү (Тоголок Молдо).