картошка Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Түбүндөгү түйүлдүгүн тамак катарында пайдалануучу жашылча өсүмдүгү. Теше-теше картошка айдап, чарбасы ирденет (Сыдыкбеков).
картошка Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев) картошка, картөшкө картошка казгыч (а. ч.) картошка сактагыч картошка сорттогуч картошка тиккич картошка түптөгүч картошкачы колорадо коңузу (а. ч.)
КАРТОШКА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Түбүндөгү түйүлдүгү азык катары колдонулуучу жашылча өсүмдүгү, ушул өсүмдүктүн тамакка жумшалуучу түшүмү. Айым апа картошка аарчый кетти («Жашленинчи»). Теше-теше картошка айдап, чарбасы ирденет (Сыдыкбеков).