Киргизско-русский словарь Юдахина
1. грабитель, разбойник;
ууруну каракчы урат погов. вор у вора дубинку украл (букв. вора бьёт грабитель);
аба каракчылары воздушные разбойники;
2. то же, что карачкы;
таң каракчысы предрассветное время;
Жети Каракчы то же, что Жети Аркар (см. жети).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Талоончу, тоноочу, карактап тартып алуучу. Илгери жети каракчы болгон экен («Жомоктор»). Каракчы болуп мал уурдап, Канча бир жылы жашаган («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Эски кийимден, чүпүрөктөн ж. б. жасалган короонун же огороддун четине коркутуу үчүн коюлган сөлөкөт. Ичи жаргак бешманттан Каракчы кылып жасады (Жантөшев).
  2. 3.                  Жаман көргөндө же эркелеткенде айтылуучу сөз. Итирейген каракчы.. дарыядан барып суу алып кел (Турусбеков). — Садагаң болоюн, жаман каракчым (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Кир, булганч, таза эмес, кебете-кешпири кеткен. — Каракчыдай болуп кантип барам (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев). Каракчылар кол салышып, жүгүбүздү талап алышты («Жомоктор»). 2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж. б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж. б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт. Карга, кузгун келбеске, Эт менен тери бар жерге, Каракчы кылып салалы («Эл адабияты»). 3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат. Селпейген каракчы деп уруп-согуп, Ажаандар айбандарча алды кекти (Турусбеков). Кармалаба, селпейген каракчы (Жантөшев). Каракчыдай болуп кантип барат элем (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген. Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРАКЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза укугундагы менчикке каршы кылмыштын бири; уурдоонун эң коркунучтуу зомбулук түрү. К. башка бирөөнүн менчигине ээ болуу максатында, өмүр менен денсоолукка коркунучтуу зордук-зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоно тургандыгы менен коркутуу аркылуу жасалган колсалуу.