зат. Капа болгондук, капалуулук, кайгы. Капалык менен иши жок, Кабагы жарык күлгөндөй (Тоголок Молдо). Капалык жок боюнда, Калыстык дайым оюнда (Тоголок Молдо).
капалык, капалыгы, ка палыкка
Кайгыга баткандык, убайымдуулук, капа болгондук. Эне Жылдызканды карап, анын түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров). Капалыкка алдырбай, Кайрат айтат өзүнө («Эр Төштүк»). Башымдан акыл кеткен бейм, Капалыктан чачылып («Эр Табылды»).