1. искусник, мастер;
2. деятель;
илимге эмгек сиңирген ишмер заслуженный деятель науки.
зат. 1. Иштин жайын абдан мыкты билген адам, билгичтик менен иштеген, ишкер адам.
2. Коомдук иштин кандайдыр бир тармагында өзүн көрсөтө алган адам. Коомдук ишмер. Көрүнүктүү ишмер.
işmer
faal: becerikli, mahir; iş adamı
1. Кандайдыр бир ишти жакшы билген чебер, уста. Шахтага инженерлер, ишмерлер келе баштады (Сасыкбаев). 2. Коомдук иштин кандайдыр бир тармагында иши, эмгеги менен өзүн көрсөтө, тааныта алган адам. Коомдук ишмер. Саясий ишмер. Искусствого эмгек сиңирген ишмер. Маданият ишмери.
1. мастерство;
2. деятельность.
ишмердик, ишмерлик,
ишмердиги, ишмердик-
ке, ишмерлиги, иш-
мерликке
Ишке жөндөмдүүлүк, билгичтик, иштин көзүн таба билүүчүлүк, уюштуруу жагына жөндөмдүүлүк. Дүйшөнкул өзүнүн ишмердиги аркасында колхоздун белдүү кишилеринин бири болду (Бөкөнбаев).
зат. Ишке жөндөмдүүлүк; иш-аракеттери.
ишмердик менен бирдей. Ишмерлигин өркүндөтүү.