Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ (ИИМ) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укук тартибин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу жана КР ички иштер органдарынын жана КР ИИМдин ички аскерлеринин иштеринин негизги багыттарын түздөнтүз жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органы. ИИМ курамына облустук, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана бөлүмдөрү, темир жолдогу, аба транспортундагы бөлүмчөлөрү (линиялык бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр), мамлекеттик автоинспекция, ички иштер органдарына жана ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар кирген ички иштер органдарынын тармагын башкарат. Ички иштер органдары жана ички аскерлер ИИМ тутумун түзөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫ – коомдук тартипти, инсандык жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучулук-тескөөчүлүк иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар. КРде КР ИИМ, ага баш ийген обулустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктары, транспорттогу бөлүмдөр, И. и. о-нын шаардык, райондук, шаардагы райондук, айылдардагы бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объекттер, окуу жайлар, мекемелер жана уюмдар КР И. и. о-нын бирдиктүү тутумун түзөт. И. и. о-нын түзүмүн КР Ички иштер министри аныктайт жана КР Өкмөтү бекитет.