Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон. Ичи бузук жигиттин, Асты иши оң болбос (Токтогул). Бирок, ичи бузук тыңчылар аны кармап берет (Ашымбаев). В.: Ичи кара. Ичи кара душманды, Даана билет биздин топ (Барпы). Ичи арам. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды (Осмонов). Өзүн акылдуу эсептеп, чиренгендердин ичи арам, калп боло тургандыгын да көрдүм (Абдукаимов). Ичи жаман. – Ичи жаманды ит капсын балам, бала жеке сенде эмес, – деди Сейдеке (Өгөбаев).