ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР – курстарда адистерди даярдоого, тажрыйба алмашууга, лицензия жана ноу-хау, биргелешкен илимий изилдөөлөргө ж. б. каражат чегерүү.
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК – чыгармачылык ишмердиктин жыйынтыктарына болгон өзгөчө укуктардын жыйындысы жана өзгөчөлөө каражаты. Адабий, көркөм жана илимий чыгармаларга, артисттердин аткаруучулук ишмердиктерине, үн жазуу, радио жана теле берүүлөргө, ойлоп табууга, өнөржайлык үлгүлөргө, товардык белгилерге, фирма аталыштарына ж. б. тийешелүү укуктарды камтыйт. И. м. түшүнүгү биринчи жолу КР катышуучусу болуп эсептелген Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмун уюштурган 1967-ж. Конвенцияда киргизилген. КР Жарандык кодекси И. м-ти жарандык укуктун өзүнчө объектиси катары бөлүп карайт.