Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Коомдун жана жаратылыштын өнүгүшүндөгү закон ченемдүүлүгүн жана айлана-чөйрөгө таасир кылуу жолдорун ачуучу билимдердин, маалыматтардын системасы жана анын айрым бир тармагы. Советтик илимдүйнөдөгү эң алдыңкы илим. Тарыхый илим. филологиялык илим.
2. Билим, маалымат. Илими бар адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коомдун жана жаратылыштын өнүгүшүндөгү закон ченемдүүлүгүн жана айлана-чөйрөгө таасир кылуу жолдорун ачуучу билимдердин, маалыматтардын системасы. || Ушул билимдердин айрым тармагы. Филологиялык илим. Табият илими. 2. Билим, маалымат, окуу. Бегалиев балдарыбыз илимди негиздүү алышы үчүн көрүлө турган чараларды баяндады (Сыдыкбеков). Илим издеп кеткен элем алыска (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМ ДОКТОРУ (лат. doctor – мугалим, окутуучу) – тийешелүү илим тармагы боюнча илим кандидаты илимий даражасы бар жана доктордук диссертациясын жактаган адамдарга ыйгарыла турган илимий даража.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН АТКАРУУ КЕЛИШИМИ – аткаруучу тапшырыкчынын техникалык тапшырмасы менен шартталган илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттенген, ал эми тажырыйба-долбоорлоо жана технологиялык иштерди аткаруу келишими боюнча буюмдун жаңы үлгүсүн, анан долбоордук документтерин же жаңы технологияны иштеп чыгууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы ал иштерди кабыл алууга жана акысын төлөп берүүгө милдеттенген келишим. Аткаруучу менен түзүлгөн келишим изилдөөнүн, жаңы үлгүлөрдү иштеп чыгуунун жана даярдоонун баардык иштерин, ошондой эле алардын айрым этаптарын (катыштарын) өзүнө камтуусу мүмкүн. Мыйзамда же келишимде башка жагдай каралбаса, И-и. и. а. к. кокусунан орундалбай калуу тобокелчилигин тапшырык берүүчү тартат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ (ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ) ИШМЕРДҮҮЛҮК – жаңы илим-билим алууга жана колдонууга багытталган ишмердүүлүк , анын ичинде байтүп илимий изилдөөлөр, прикладдык илимий изилдөөлөр да.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕР – жогорку билимдүү же жогорку билимге тете даярдыгы бар, илимий-техникалык ишмердүүлүк менен өзалдынча же аракеттеги илимий-техникалык уюмдарда (илимий-изилдөө, долборлоо-конструктордук, тажырыйба-технологиялык, долбоорлоо, изилдөө жана башка иштер) табигый, техникалык же коомдук илимдер тармагында теориялык жана прикладдык изилдөөлөр менен алектенген адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮК – жаңы билимдерди алууга, бирдиктүү тармак катары илим, техника менен өндүрүштүн иштөөсүн камсыз кылууга, технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка маселелерди чечүүгө жаңы билимдерди пайдаланууга багытталган ишмердүүлүк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ УЮМ – менчигинин жана укуктук-уюштуруу таризине карабастан, ошондой эле негизги илимий жана/же илимий-техникалык ишмердүүлүгү катары илимий уюмдун уюштуруу документтерине жана жоболоруна ылайык аракеттенүүчү жана илимий кадрларды даярдоочу юридикалык жак, илимий кызматкерлердин коомдук бирикмеси. И. у. илимий-изилдөө уюмдарына, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелеринин илимий уюмдарына, тажырыйба-конструктордук, долбоорлоочу-конструктордук, долбоорлоочу-технологиялык жана башка илимий жана/же илимий-техникалык иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдарга бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМ КАНДИДАТЫ (ТАЛАПКЕРИ) – изденүү-чүнүн илимий эмгегин жарыя жактоосунун натыйжасы боюнча кабыл алынган илимий иштерди жактоо кеңешинин ырасмий өтүнүчүнүн негизинде мамлекеттик сынак органы тарабынан ыйгарылган илимий даража.