Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН АТКАРУУ КЕЛИШИМИ – аткаруучу тапшырыкчынын техникалык тапшырмасы менен шартталган илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттенген, ал эми тажырыйба-долбоорлоо жана технологиялык иштерди аткаруу келишими боюнча буюмдун жаңы үлгүсүн, анан долбоордук документтерин же жаңы технологияны иштеп чыгууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы ал иштерди кабыл алууга жана акысын төлөп берүүгө милдеттенген келишим. Аткаруучу менен түзүлгөн келишим изилдөөнүн, жаңы үлгүлөрдү иштеп чыгуунун жана даярдоонун баардык иштерин, ошондой эле алардын айрым этаптарын (катыштарын) өзүнө камтуусу мүмкүн. Мыйзамда же келишимде башка жагдай каралбаса, И-и. и. а. к. кокусунан орундалбай калуу тобокелчилигин тапшырык берүүчү тартат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮК – жаңы билимдерди алууга, бирдиктүү тармак катары илим, техника менен өндүрүштүн иштөөсүн камсыз кылууга, технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка маселелерди чечүүгө жаңы билимдерди пайдаланууга багытталган ишмердүүлүк.