Чочулап, жүрөгү түпөйүл болгон абал, санааркап, жүрөксүнгөн сезим. Таабалды кароолчулар көрүп коюшабы деп жүрөкзаада болду (Бектенов). Бул жигит көзгө көрүнүп баратат, кокус ордумдан ажыратып жүрбөсүн деп жүрөкзаада («Ала-Тоо»). Ал жагын айтып жүрөкзаада кылбай эле кой (Сасыкбаев).