behaviour би’хэйвйэ;
conduct кон‘дакт
cürüm-turum
haraket tarzı, görgü, davranış
Эл ичинде, коомдо өзүн өзү кармай билүү нормалары, өзүн кандайча алып жүрүү тартиби, кулк-мүнөз, кылык-жоругунун жалпы абалы, жүрүш-туруш. Акбар өзүнүн иши жана жүрүм-туруму менен колхозчуларыбыздын улуусуна ини, кичүүсүнө ага болуп калды (Убукеев).
ЖҮРҮМ-ТУРУМ КОДЕКСТЕРИ – эларалык соода укуктарынын кошумча булактарынын бири. Эларалык экономикалык мамилелерди мамлекеттен тышкары жөнгө салуу үлгүсү болуп саналат. Алсак, 1937-жылы Эларалык соода палатасы тарабынан Жарнама иштеринин эларалык кодекси кабыл алынып, ал 1949-, 1955-, 1966-, 1973-, 1986-жылдары кайра каралган. Тийешелүү келишимдердин түзүлүшү менен Франшизы эларалык ассоциациясы тарабынан Ж.-т. к. (code ofethica ) басып чыгарылган. Табияты жагынан бири-бирине окшош документтер тийешелүү биржалар менен банк ассоциациялары, ошондой эле айрым фирмалар тарабынан түзүлөт.
Code of Conduct (proper noun)
The link to the code of conduct, which contains rules that explain how someone should behave while using a service or product.