Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жети күнгө барабар убакыт, мезгил. Бир жумалык жол калды. || Кандайдыр бир окуяны, күндү белгилөө үчүн арналган жети күнгө созулган убакыт, мезгил. Кыргыз фильмдеринин жумалыгы болду. 2. эск. Мусулман дин мектебинде окуткан молдого окуучулары тарабынан жума күнү берилүүчү белек. Жумалык берүү. Жумалык тапшыруу. 3. Мезгили менен жума сайын басылып чыгып туруучу газета, журнал ж. б. «Кыргызстан маданияты» жумалыгы.