Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жетелөө, жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы. Жетекке жакшы жүргөн ат. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»). Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Катар басып жайылган Колхоздордун төөсү бар (Осмонкул).
2. Бирөөнүн айтканы менен болуу, бирөөнүн жетекчилиги менен жүрүү. [Чүкөбай] Зууранын жетеги, кеңеши менен иштээр эле (Баялинов). — Мен качанга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы. Жетекке бош ат коштогун («Курманбек»). Жүрө берет жетекке, Жүккө бели талыбас, Колхоздордун төөсү (Осмонкул). 2. Бирөөнүн айтканы, дегени менен болуучулук. Мен качанкыга чейин сенин жетегиңде жүрөм (Каимов). Көрүнгөндүн жетегине сүйрөлө берчү жарым эс эмесмин, – деди Самар («Ала-Тоо»). || Бирөөнүн жол көрсөтүүсү, жетекчилиги астында болуучулук. Чүкөбай Зууранын жетеги, кеңеши менен иштер эле (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коштоп алуу, жетелеп алуу. Күймөлбөй ат жетектеп жөнөп калдым (Үмөталиев). 2. Бирөөнү өзүнүн айткан-дегенине көндүрүү, оюндагыдай башкарып алуу. || Жетекчилик кылуу, башкаруу, жол көрсөтүү, сүрөөгө алуу. Нуралы өздүк көркөм чыгармачылык кружогун жетектеп, дал ошол жерде иштейт («Ленинчил жаш»). Начарды жетектеп, тыңды ого бетер кош колдоп колтуктайбыз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаруучу, башчылык кылуучу, жетекчилик кылуучу, жол көрсөтүүчү. Адашкыс кенен, даңгыр жолго салып, Бардыгын бир жетекчи баштагандай (Үмөталиев). Курулуштун жетекчилери менен болгон чогулуштан кийин, Байсалов кошко кеч кайтты (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылгандык. Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). [Мукай] «Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаруучулук, жол көрсөтүүчүлүк, башчылык кылуучулук. – Биз да ошол Аким жетекчилик кылган колхозго саякатка барабыз, агай! (Сыдыкбеков). Мукай «Жаш гвардия» атындагы отрядга жетекчилик кылат (Таштемиров).