Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУ – укукту күбөлөөчү документтердин негизинде, белгиленген тартипте менчик ээсине же жер пайдалануучуга бекитилип берилген чектелүү жер аянты. Ж. у-нун укуктук статусу мыйзамдуу ээлик кылуунун таризин жана пайдалануу улуксатын жана максатын өз ичине камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА БОЛГОН УКУГУН БЕРҮҮ – менчик ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна болгон укугун ажыратуусу же жарандык-укук бүтүмүн жасоо жолу менен башка бир жактын убактылуу пайдалануусуна берүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА ӨМҮР БОЮ МУРАСКОРЛУК ЭЭЛИК УКУГУ – жер участогун пайдалануунун туруктуу (мөөнөтсүз) укугу менен бир катарда мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторуна карата чектелген буюмдук укук. Жер участогуна мөөнөтсүз ээлик кылуу жана белгилүү чарбалык (же жеке) максаттар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамда башка жобо болбосо, ал участокто аларга менчик укугун алуу менен, имарат, курулма жана башка кыймылсыз мүлктү курууга мүмкүнчүлүгү берилет. Жарандарга гана берилет. Мураска калтырылат. Тийиштүү жер участогун ижарага же акысыз кыска мөөнөттүү пайдаланууга жол берилет. Ажыратууга жана күрөөгө коюуга тыюу салынат. Жер участогун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алууда, ошондой эле укук ээси ойдогудай пайдаланбаган учурда токтотулат. КР жарандык мыйзамдарында бул институт 1999-жылы жоюлган жана ошого ылайык пайдаланылбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУКТАРДЫ БЕРҮҮ – КР жер мыйзамдары боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участогун юридикалык жактарга же жеке адамдарга менчикке же пайдаланууга берүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУН ПАЙДАЛАНУУ УКУГУ – КР жер мыйзамдары боюнча жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же кыска мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга укук. Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер гана ээ болушат. Жер участогун кыска мөөнөттүү пайдалануу укугу, а. и. ижара келишиминин шарттарында пайдалануу 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген. Чет өлкөлүктөргө жер участоктору кыска мөөнөттүү пайдаланууга гана берилет. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет. Ж. у. п. у. КР жер мыйзамдарында каралган тартипте, эреже катары, тооруктар аркылуу гана берилет, ошентсе да бул укукту тооруксуз берүүгө жол берилген учурлар да бар.