Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкалар билүүгө болбой турган, өз ара гана белгилүү, ачык эмес, жабык түрдө, башкаларга билдирбей астыртан, тымызын, жашырын. Ызакул балдарды төркү үйүнө киргизип, каалгасын илип, жашыруун сүйлөштү (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШЫРУУН АТ (ПСЕВДОНИМ ) (гр. pseudonymos – ойдон чыгарылган ысымды алып жүрүүчү) – илимий, адабий же көркөм өнөр авторунун ойдон чыгарылган, шарттуу ысымы. Автордун мүлктүк эмес жеке укугу болуп саналат. Автордун макулдугусуз, ал өлгөндөн кийин, анын чыгармаларынын колтийгистигин крогогон жактын макулдугусуз Ж. а-ты ачыкка чыгаруу автордук укукту бузат. Ж. а-тын бир түрү – астроним (гр. astron – жылдыз жана onyma – ат) – автордун атын кандайдыр бир басма белгиси менен белгилөө (м.: жылдызчалар).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШЫРУУН ДОБУШ БЕРҮҮ – добуш берүүчүнүн эркине көзөмөлдүк кылууну жокко чыгаруучу добуш берүүнүн түрү; ага бюллетень, топташ, же атайын машина аркылуу добуш берүү менен жетишилет. Шайлоочулар (добуш берүүчүлөр) тарабынан өзүнчө жайда же бөлмөдө толтурулуп, бүктөлгөн түрдө же катсалгы менен шайлоо кутусуна салынуучу Ж. д. б-нүн бюллетень түрү көбүрөөк таралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШЫРУУН КЕМЧИЛИКТЕР ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТМЕ – камсыздандыруу кагазынын шарттарындагы, ага ылайык кеменин же машиналардын тулкуна келтирилген жашыруун кемчиликтерден тартылган жогортуулар жана зыяндар камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү эскертме. Жашыруун кемчиликтерди жөнөкөй эле таап алуу камсыздандыруу менен жабалбайт. Ошентсе да, эгер алар кеменин башка бөлүктөрүнө зыян келтирсе, ал зыяндар төлөнүп берилүүсү керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШЫРУУН ЭМИГРАЦИЯ (КӨЧКҮН) – эларалык мүнөздөгү, мамлекеттердин экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө, ошондой эле алардын эгемендүүлүгүнө кол салган кылмыш. Ошондо турукташып калуу максатында мыйзамсыз бөтөн өлкөгө кирүүдө (адатта экономикалык жүйө менен) турат. Азыр Ж. э. кылмыштуу бизнес болуп калды. Ж. э. күрөшүү боюнча улуттук кылмыш-жаза мыйзамдарына багыттоочу бланкеттик ченемдер Эмгекти эларалык уюштуруу конвенцияларында камтылган.