Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жакадан алып булкуу, силкүү, урушуп калуу. Жаман менен. дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). Жигиттери жабылып, Жакалады уулумду («Таалай жомогу»).
2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө. От жакалай отурду. Байыртан Талас суусу жактан агып, Жакалап көчмөн кыргыз малын багып (Шүкүрбеков). Көл ж.акалап Орус келди, Орусту ээрчип ырыс келди (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. хватать за воротник;
киши жакала- хватать человека за воротник;
2. двигаться по краю, по берегу;
суу жакала- идти берегом;
жол жакала- идти обочиной дороги;
от жакалай вокруг огня.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакадан алуу, урушуу, туткактоо, чырдашуу максатында жакадан кармоо. Мен да балага жакалап жооп бердим (Элебаев). Жаман менен дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). 2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө, бир нерсенин чети менен кыркалап өтүү, бойлоо. Кашкардын кара тоосун жакалап, Эрикпей Төштүк жол жүрүп («Эр Төштүк»). Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп (Бөкөнбаев). От жакалай отура кетти да, бир тизесин тонунун өңүрүнө катты (Абдумомунов).