ЖАЙ-ДӨБӨ — топоним. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп баратып сегиз ай туруп калган жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 161). Географиялык реалияда Кашкардан түндүк-чыгышта, Кара-Теке тоосунун этегинде жайгашкан тайпак какыр талаа.
жай-жапсар (опсуз, көп)
(диал.)