1. искусный в писании (пишет быстро и красивым почерком);
2. писатель;
жазгычтар кылыч болсо, сынчы - кайрак: кылычты өткүр кылат, мыкты кайрап стих. если писатели - сабли, то критик - точило: он острит саблю, умело точа;
3. ирон. писака.
сын. 1. Кыйын жаза турган, жазганды жакшы билген.
Жазгыч киши (Асылбеков).
- 2. Чыгармасын кагаз бетине түшүргөн, жазып калтырган. Жазгыч акындар.
- 3. сүйл. Жазуучу. Бири — жазгыч, Бири кирпич бышырат, Бири — монтёр, Ильич шамын тамызат (Аалы).
1. сейр. Чыгармасын кагаз бетине түшүрүп, жазып калтыруучу. Жазгыч акындар. 2. сүйл. Жазуучу. Бири – жазгыч, Бири– кирпич бышырат.
Кыргыз жазма (профессионалдык) адабияты жаралганга чейинки мезгилде айрым сабаты ачылган акындар өз чыгармаларын (оозеки поэтикалык салттагы эле) төкмө акындардай эл алдында оозеки айтпастан, жазма формада, кагазга жазуу түрүндө жарата башташкан. Мына ушундай акындарга адабият таануу илиминде «жазгыч акындар» деген аныктама берилет. Молдо Кылыч – жазгыч акын.