сын. Жабуусу бар, жабуу жабылган. Жабуулуу ат.
Жабуусу бар, жабуу жабылган. Жабуулуу катар кара минген, Жакшысы элге билинген («Манас»).
Аялдарды сыпаттоодогу илгертен келаткан туруктуу мүнөздөмө. Көтөрүмдүү, жакшылык-жамандыкка чыдамдуу, токтоо, текебери жок, баарына бирдей мамиле кыла билген кадырман, элге-журтка алымдуу. Айымкан ургаачынын жабуулуу кара ингени, болуштун зайыбы болсо да боорукер, алгылыктуу мүнөзү менен элге жаккан наабаттуу байбиче (Бейшеналиев). Ыраматылык эжебиз Данакан зайып заттын ырыска шерик жабуулуу кара ингени болгон (Сыдыкбеков).
Көтөрүмдүү, жакшылык-жамандыкка чыдамдуу, токтоо, текебери жок, баарына бирдей мамиле кыла билген кадырман, элге-журтка алымдуу. Айымкан ургаачынын жабуулуу кара ингени, болуштун зайыбы болсо да боорукер, алгылыктуу мүнөзү менен элге жаккан наабаттуу байбиче (Бейшеналиев). Ыраматылык эжебиз Данакан зайып заттын ырыска шерик жабуулуу кара ингени болгон (Сыдыкбеков).