Киргизско-русский словарь Юдахина
море;
деңиздей великодушный; широкая натура;
бизден кеткен иш болсо, деңиздей жезде, кечиңиз фольк. если мы в чём-нибудь провинились, вы, великодушный зять, простите;
деңиз баш самонадеянный, самоуверенный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Океандын кургактык менен курчалган бөлүгү, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги. Баренцово деңизи. Жер Ортолук деңизи.
2. өт. Мол, кең-кесири, эң эле көп. Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
деңиз (теңиз эмес)
деңиз агымдары
деңиз арстандары (зоол.)
деңиз бачикилери (зоол.)
деңиз баш
деңиз дандары (зоол.)
деңиз деңгээли
деңиз дөө шайтаны (зоол.)
деңиз жөргөмүштөрү
(зоол.)
деңиз жүрөгү (зоол.)
деңиз жыландары (зоол.)
деңиз жылдыздары
деңиз кабыланы (зоол.)
деңиз каракчысы (пират)
деңиз кирпилери (зоол.)
деңиз климаты
деңиз коёнектери (зоол.)
деңиз короздору (зоол.)
деңиз кулактары (зоол.)
деңиз кундузу (зоол.)
деңиз лилиялары (зоол.)
деңиз маарактары (зоол.)
деңиз мышыгы (зоол.)
деңиз оорусу
деңиз өрдөкчөлөрү (зоол.)
деңиз пилдери (зоол.)
деңиз суусу
деңиз табак баштары
(зоол.)
деңиз тайлары (зоол.)
деңиз таракчалары (зоол.)
деңиз таш бакалары (зоол.)
деңиз ташкыны (геог.)
деңиз теменелери (зоол.)
деңиз тил сымалдары (зоол.)
деңиз толкундары
деңиз транспорту
деңиз укугу
деңиз фаунасы
деңиз физикасы
деңиз чалгындары (зоол.)
деңиз чебичтери (зоол.)
деңиз чөкмөлөрү

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Океандын бир кыйла тарабы кургактык менен курчалган чоң бөлүгү. Кара деңиз. Жер ортолук деңизи. 2. Абдан зор көл, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги. Каспий деңизи. Цимлянск деңизи. 3. өт. Мол, өтө көп, кең-кесири. Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ БУЛУҢДАРЫ – 1958-жылкы аймактык деңиздер жана анын айланасындагы жерлер жөнүндөгү Конвенциянын 7-ст., ошондой эле БУУнун 1982-жылкы Деңиз укугу боюнча Конвенциясынын 10-ст. жоболоруна ылайык (кургакка өзүнчө туюк суу топтолгондой Деңгээлде кирип турган) аянттарынын диаметри түз сызык катары кызмат кылган жарым айлананын аянтынан аз эмес, жээкке терең кирген булуңдар. Бул жобо тарыхый булуңдарга таралбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗДЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТПӨЙ КОЮУ – ачык деңизде жасалган, эларалык мүнөздөгү кылмыш. Ал үчүн жоопкерчилик деңизде жардам көрсөтүү жана сактап калуунун айрым эрежелерин бириктирүү 1910-жылкы үчүн Брюссель конвенциясында, деңизде адам өмүрүн коргоо боюнча Эларалык конвенцияда, 1979-жылкы деңизде издөө жана сактап калуу боюнча 1978-жылкы Эларалык конвенцияда, ошондой эле БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында каралган. Аларда кемелердин кыйроосунан жана аба учактарынын деңизге аргасыз конууларынан улам кыргынга учураган адамдарды сактап калуунун тартиби жөнгө салынган. Бул кылмыштарды субъекттери деңиз кемесинин капитаны жана башка кызмат адамдары болуулары мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗДЕ СҮЗҮҮ СООДАСЫ – жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүктөрүн ташуу; биологиялык ресурстарды өндүрүү; деңиз түбүнүн жана анын астынын минералдык жана жансыз ресурстарын чалгындоо жана иштетүү; лоцмандык жана музжаргычтык узатуулар; издөө, сактоо жана сүйрөтүү аткарымдары; деңизге чөгүп кеткен мүлктөрдү алып чыгуу; суу техникалык, суу астындагы техникалык жана башка суу астындагы жумуштар; санитардык, карантиндик жана башка көзөмөл; деңиз чөйрөсүн сактоо жана коргоо; деңиз илимий изилдөөлөрүн өткөрүү; окуу, спорттук жана маданий максаттарда кемелерди пайдалануу менен байланышкан ишмердик.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛЫГЫ – жекеменчик соода кемелерин, өчөшкөн жактардын кемелерин же согушуп жаткан өлкөнүн жүктөрүн ташуу менен шугулданган бейтарап өлкөлөрдүн кемелерин куралдуу күч менен (өз өкмөтүнүн улуксаты боюнча) тартып алуу. Ага 1856-жылкы деңиз согушу жөнүндө Париж декларация-сы менен тыюу салынган; кеңири мааниде – деңиз каракчылыгы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ-СООДА КОДЕКСИ (ДСК) – жүк, жүргүнчү, тартуу, жүк жана почта ташуу, балыкчылык жана башка деңиз өнөр жайы, пайдалуу деңиз кендерин алуу үчүн кемелерди пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу тутумдаштырылган мыйзам актылары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕҢИЗ УЛАГАСЫ – 1982-жылы Деңиз укугу боюнча БУУ конвенциясы тарабынан киргизилип, өз суу аймагы (аймактык деңизде) менен кысыктары аркылуу чет өлкө кемелери менен аскердик кемелердин сүзүп өтүүсү жана анын үстүнөн учуп өтүүсү үчүн жээкке чукул жайгашкан мамлекеттердин укугун билдире турган юридикалык категория.