Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уюшуп ортого акча чогултуп, ага мал (көбүнчө кой, козу) сатып алып союп, жеген эт, шерине. Кой союшуп эт жеген, Деңгенеге кызыккан (Молдо Кылыч). Деңгене болуп ит-кушка, Денесин катар паана жок («Эл адабияты»). Кезектешип мал союп, анын этин уюшкандар үй-үйүнө бөлүп кетүүнү да деңгене дейт. 2. Оозу кууш, түбү терең тоголок казан. Деңгенедей башы бар.