Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
ишмер, ишкер (иши менен өзүн тааныткан, көрсөткөн киши);
государственный деятель мамлекеттик ишмер;
деятели культуры маданияттын ишмерлери;
заслуженный деятель науки илимге эмгеги сиңген ишмер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. иш; аракет;
нервно-мозговая деятельность нерв-мээ иши;
деятельность сердца жүрөктүн иши;
2. иш, кызмат, ишкердик;
революционная деятельность революциялык ишкердик (иш);
педагогическая деятельность педагогдук кызмат (иш);
поле деятельности иштеген ишинин чөйрөсү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗ ЭЭЛЕРИНИН РЕЕСТРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарына баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн курамын түзүүчү маалыматтарды: жыйноо, каттоо, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү боюнча кесиптик ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. э. р. ж. и. менен реестрдин кармоочусу аталган юридикалык жактар гана алектенүүгө акылуу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАР БАЗАРЫНДА СООДАНЫ УЮШТУРУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалуу кагаздар базарында: баалуу кагаздар базарынын катышуучуларынын ортосунда жарандык-укуктук келишимдердин түзүлүшүнө түздөнтүз өбөлгө болуучу кызматтарды көрсөтүүчү кесиптик ишмердиктердин бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын жогоруда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздар базарында сооданы уюштуруучу деп аталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздар базарында: юридикалык жактын же жеке ишкердин (белгилүү мезгил ичинде) акысын алуу менен өз атынан өзүнө ишеним башкарууга берилген, бирок башка бирөөгө таандык: а) баалуу кагаздарды; б) баалуу кагаздарды инвестициялоого берилген акча каражаттарын; в) баалуу кагаздарды башкаруудан түшкөн акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды башкарууну ишке ашырган кесипкөй ишмердүүлүктүн бир түрү. Б. к. б. и. саналган баалуулуктардын ээлеринин же алар көрсөткөн үчүнчү кишилердин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылат.