ДЕПОЗИТАРДЫК ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздардын базарында баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү катары түшүнүлгөн кесиптик ишкердүүлүктүн бир түрү. Баалуу кагаздар базарынын Д. и-тү жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу депозитарий деп аталат. Баалуу кагаздарды жана/же баалуу кагаздарга укукту жана анын өтүшүн эсепке алуу боюнча депозитарийдин кызматын пайдаланган киши депонент деп аталат. Алардын мамилелерин теске салуучу келишим депозитардык келишим (депо эсеби жөнүндө келишим) деп аталат.
ДЕПОЗИТАРДЫК КЕЛИШИМ (депозит эсеби жөнүндө келишим) – депозитардык ишкердүүлүктүн жүрүшүндө алардын мамилелерин теске салуучу депозитарий менен депоненттин ортосундагы келишим. Депозитарий түзүлгөн Д. к. ажырагыс бөлүгү болгон өзүнүн депозитардык ишкердүүлүктүн шарттарын бекитүүсү тийиш. Д. к-н маанилүү шарттары төмөнкүлөр: а) келишим ишинин так аныкталуусу: баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактоо жана/же баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүү; б) депоненттин депозитарийде депонирленген депоненттин баалуу кагаздарын башкаруу жөнүндө маалымат берүүсүнүн тартиби; в) келишимдин иштөө мөөнөтү; г) келишимде каралган депозитарийдин кызмат акысынын көлөмү жана төлөөнүн тартиби; д) депозитарийдин депоненттин алдында эсеп берүү таризи жана мезгилдүүлүгү; е) депозитарийдин милдети.