Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ТЕРИШТИРҮҮ (гр. anti – карама-каршылыкты, өчөгүшүүнү билдире турган жалгама, англ. dumping – сүрүп салуу) – демейдеги наркынан төмөнкү баада сатылып жаткан товар жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурдагы товар менен жабдуучуга карата териштирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ЧАРА – ыйгарым укуктуу органдар тарабынан импорттук товарларды демейдеги өз наркынан төмөнкү баада сатуунун натыйжасында келтирилген зыянды жоюу үчүн убактылуу Д. к. ч. менен демпингге каршы алым таризинде колдонулуучу атайын чаралар.