делбелен Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Ээлигүү, жээлигүү, делбе болуп кетүү. Бул келишиңизге жүрөгүм элеп-желеп, бир жакшы сөз уккандай делбеленем (Каимов).
ДЕЛБЕЛЕН Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Делбе болуу. Олуя делбеленип этек-жеңи делбиреп, учууга даярданып калгандай туюлду (Токомбаев). 2. Ээлигүү, алеп-желеп болуу, калдалаңдап чебелектөө. Старчын жемин көргөн күйкөгө делбелене түштү (Каимов).
ДЕЛБЕЛЕНТ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 делбелен этишинин аркылуу мамилеси. Кандай бозой басып келет, Делбелентип жаш жанды (Бөкөнбаев).