Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Он күн, он күн убакыт. Декабрь айынын биринчи декадасы. // Кандайдыр бир иш чараларын өткөрүүгө арналган он күндүк. Кыргыз искусствосунун Москвада болуп өткөн эки жолку декадасы улуу достуктун чыныгы символу болуп калды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында философияда, эстетикада, искусстводо жана көркөм адабиятта пайда болгон пессимисттик маанай, турмуштан – реалдуулуктан качуу, индивидуалисттик тенденция. Декаденттик искусствого экзистенциализм, сюрреализм, символизм, дадаизм агымындагы чыгармалар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕКАН (лат. decanus , баштапкысы – 10 адамдын жетекчиси) – ЖОЖдогу факультет жетекчиси. Д. келишимдик-конкурстук негизинде 5 жылдык мөөнөткө, ЖОЖдун факультетинин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы чогулушунда, илимий даражага ээ жана тийиштүү кесип менен дайардыктагы адистердин мүчөлөрүнөн жашыруун добуш менен шайланып, жетекчинин буйругу менен дайындалат. Д. факультетти баардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында ж. б. уюмдарда өкүлчүлүк кылат; факультеттин кафедраларынын, лабораторияларынын ж. б. бөлүмдөрүнүн окуу, окуу-усулдук, илимий-изилдөөчүлүк, илимий-усулдук иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат, окуу жүрүмүнө, студенттердин практикалык иштеринин жүрүшүнө жана студенттердин арасындагы тарбиялык иштерге көзөмөл жүргүзөт жана КР мыйзамдарында жана ЖОЖдун уставында белгиленген иш милдеттерди аткарат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)