Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (деятельность, работа) аракет;
привести машину в действие машинаны аракетке келтирүү;
боевые действия согуш аракеттери;
2. юр. (сила, действенность) таасир, күч;
договор сохраняет своё действие в течение пяти лет договор өзүнүн күчүн беш жылга чейин сактайт;
соглашение вошло в действие с первого января келишим биринчи январдан баштап күчүнө кирди;
3. (воздействие) таасир;
химическое действие химиялык таасир;
под действием сильных морозов многие растения погибли катуу сууктун таасиринен көп өсүмдүк кыйрады;
4. чаще мн. (поступки):
самовольные действия өзүнчө, өз билгенинче иштөө (аракет кылуу);
предоставить свободу действий эркинче аракет кылууга жол берүү;
5. (событие в повествовании) окуя;
действие происходит в Москве окуя Москвада болгон;
6. театр. көшөгө;
драма в пяти действиях беш көшөгөлүү драма;
7. мат. амал;
арифметическое действие арифметикалык амал;
четыре действия арифметики арифметиканын төрт амалы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДЫН КОЛДОНУЛУШУ – мыйзамдын мезгил, мейкиндик жана жак чөйрөсү боюнча таралышы. Мезгил боюнча М. к. ал күчүнө кирген учурдан башталат. Ал учур мыйзамдын өзүндө атайын көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер ал көрсөтүлбөсө, анын күчүнө кирүү мөөнөтү колдонуудагы мыйзам аркылуу аныкталат. М. к. ал ырасмий жокко чыгарылган учурдан же ал үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн же кийин чыккан мыйзам менен алмаштырылгандан тартып токтотулат. Мейкиндик боюнча М. к. белгилүү бир аймак чегинде колдонулушун билдирет. Жактар арасында М. к. белгилүү бир укук субъектисинин катмарына карата колдонулушун билдирет.